http://www.ktrk.kg/Жол кыймылынын эрежесин бузган көрүнүштөр боюнча мыйзам кандайча иштеп баштады?

Жол кыймылынын эрежесин бузган көрүнүштөр боюнча мыйзам кандайча иштеп баштады?

23 Янв , 3:30 2693

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө, бөтөнчө баш калаада унаанын саны көп. 

Өкүнүчтүүсү көбүнесе айдоочулар жол эрежесин сактай бербейт. Мисалы, айдоочулар жол чырак кызыл белгини көрсөтүп турса да, аны көзгө илбей жол кесилишин кесип өткөн учурлардын аягы тыйыла элек. Андай ээнбаштарды жаңы кодекстер боюнча тизгиндөө жолдору каралган.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер эреже бузган айдоочуларга буга чейин көрүлгөн чараны колдонот. Болгон айырмасы айып пулдун көлөмүндө.

Кодекс, мыйзамдар күчүнө киргени менен толук кандуу иштей элек. 

Ушул күндөрү адистер ар кандай окуяга кабылган жарандарга бир катар жеңилдиктер каралганын түшүндүрүү менен алек. 

Жаңы кодекстердин максаты - калкка карата жалаң эле жеңилдик эмес, ошол эле маалда туура эмес көрүнүштөрдүн алдын алуу, жоопкерчиликти жогорулатуу болуп саналат.


Новости по дате