http://www.ktrk.kg/Кыргызстан өзүн эт менен толук камсыздай албайт, бирок этти экспорттойт

Кыргызстан өзүн эт менен толук камсыздай албайт, бирок этти экспорттойт

8 Май , 14:23 535

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев Кыргызстан өзүн эт менен толук камсыздай албай турганын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты. Ал ошондой эле, эгерде той-ашка союлган малдын эсеби алынса, өзүбүздү эт менен камсыздап калышыбыз ыктымалдыгын белгиледи. 

"Бүгүнкү күнү эт менен өзүбүздү камсыздай албайбыз. Бирок согумду, той-ашка сойгон малды эсепке алсак, камсыздап калышыбыз мүмкүн. Булар эсепке алынбайт, идентификация иштери бүтсө, ушулардын бардыгы эсепке алынат эле", - деди ал. 

Керималиев өз сөзүндө Кыргызстанда эт жетишсиз болгондуктан сырттан тооктун, уйдун этин импорттоого туура келип жатканын айтты. Бирок, ошол эле учурда Кыргызстан башка мамлекеттерге этти экспорттой турганын белгиледи.


Новости по дате