http://www.ktrk.kg/Патрулдук милицияны кайра түзүү зарылчылыгы барбы?

Патрулдук милицияны кайра түзүү зарылчылыгы барбы?

8 Май , 17:49 531

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана Кайгуул-күзөт бөлүмдөрү атайын башкармалык болуп бириктирилет. Бул Бишкек шаарында пилоттук негизде ишке киргизилип жатканын ички иштер министрлигинен билдирилди. Маалыматтарга караганда, учурдагы долбоор 2016-жылы ишке киргизилген Патрулдук милицияга салыштырмалуу бир катар жогорку артыкчылыктарга ээ.

Пилоттук негизде түзүлүп жаткан башкармалыктын кызматкерлери жол коопсуздугуна гана эмес, жалпысынан бекитилген участкалардагы коомдук коопсуздукка  жооп берет. Заманбап техникалар менен камсыздалып, аларга бекитилген участканы толугу менен көзөмөлдөп, мыйзам бузууларды аныктап, алдын ала чараларды көрүп, дайымакыймылда болот. Аталган министрлик бүгүнкү күндө Жол-кайгуул атайын башкармалыгына иштейм деген жарандарга конкурс жарыялады. Ага ушу тапта иштеп жаткан кызматкерлер жана 19 жаштагы, аскер кызматын өтөгөн, айдоочу күбөлүгү “Б” категориясына ээ болгон жөнөкөй жаран катыша алат. Деген менен эксперттер МАИнин аты өзгөрөт, бирок затычы? 2016-жылы дагы дал ушул эки башкармалык бириктирилген, натыйжа чыккан эместигин эскертишүүдө. Жаңы башкармалыкты түзүүнүн зарылчылдыгы канчалык? Мурдагынан эмнеси менен айырмаланат? Эксперттер сунуштаган идея канчалык ынанымдуу? Оптимизация түшүнүгү кызматтарды бириктирүү?

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"



Новости по дате