http://www.ktrk.kg/"Кайталанган кылмыш" түшүнүгү жоюлду

"Кайталанган кылмыш" түшүнүгү жоюлду

24 Янв , 23:28 1877

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-жылдын 1-январынан тарта Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциялары ишке кирип, жоруктар жана бузуулар боюнча жаңы кодекстер пайда болду.

Жаңыдан ишке кирген кодекске ылайык, кайталанган кылмыш түшүнүгү жоюлду. Ал эми кайталанган кылмыш иши деген сөз - соттолгондугу жоюла элек киши билип туруп кылмыш кылууну кайра уланта берүүсү. Сөзүбүз куру болбошу үчүн мисалдарга токтололу.

2000-жылы кайсы бир адам мал уурдап түрмөгө отургузулду дейли. Бирок канча бир убакыттан кийин өз мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндике чыгат. Бирок көп өтпөй эле бир адамды сабап коюп кайрадан анын иши сотко өтөт. Судья кишинин соттолгондугун көрөт. Ошондо соттолуучуга карата кандай жаза көрүлөт?

Бул иште анын соттолгондугу оорлотуучу жагдай болмок. Ушуну иштин материалдарында эске алып, кылмышты кайталоо мөөнөткө жана жазанын оордугуна таасир бермек.

Айыпталуучу кимдир бирөөнү сабагандыгы үчүн гана соттолот. Ал эми анын мурдагы соттолгондугу эске алынбайт. Бул жаңы эреже - Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясынын гумандаштырылышы.
Юристтердин ойу боюнча, рецидивдин жоюлушу - бул жакшы демилге. Анткени адам өзүнүн мурдагы кылмышынан кутулган. Ошондуктан, кайталанган кылмыш үчүн жазаны оорлотуу - логикага туура келбейт.


Новости по дате