http://www.ktrk.kg/Кыргыз - казак чек арасындагы жаңжал боюнча биргелешкен тергөө жүрүүдө

Кыргыз - казак чек арасындагы жаңжал боюнча биргелешкен тергөө жүрүүдө

25 Янв , 11:02 1797

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Бейбут Атамкулов мамлекеттик чек арадагы жаңжалды телефон аркылуу талкуулашты. Буга чейин маалымдалгандай, кечээ Талас облусунда белгисиз бирөөлөр чек ара аркылуу Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз түрдө 15 чакты жылкы алып өтүүгө аракет кылышкан. 

Аларды кармоо учурунда каршылык көрсөтүшкөн. Чек ара кызматкерлери курал колдонууга мажбур болуп ок чыгарганда, бир кишиге тийип, ал каза болгон. Учурда каза болгон жарандын сөөгү Казакстанга өткөрүлүп берилди. Учурда эки өлкөнүн Чек ара кызматтары биргелешкен тергөө иштерин жүргүзүшүүдө. 

Маалымдалгандай, азыркы тапта Казакстандын чек арачылары өлкө аймагына кирип жашырынып калган эки адамды издөө иштерин улантууда. Кыргыз аскерлери дагы Талас облусунун Манас районунун аймагында издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Новости по дате