http://www.ktrk.kg/Пенза облусунда катталган жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болду

Пенза облусунда катталган жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болду

25 Янв , 13:36 1358

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Орусиянын Пенза облусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Кыргызстандын эки жараны каза болду. Элчилик кабарлагандай, окуя 24-январда болгон. "Toyota Alphard" унаасы Нижний Новгород — Саратов жолунун 420-чакырымында жүк ташуучу ГАЗ унаасы менен кагышкан. 

Алдын-ала алынган маалыматка караганда минивэнде Кыргызстандын 8 жараны бара жаткан. Эки киши алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген. Дагы эки адам шаардык ооруканага жеткирилип, амбулатордук дарылануудан өтүп жатат. Айдоочу жана калган үч жүргүнчү жабыркаган эмес. 

Элчилик укук коргоо органдарына расмий сурам жөнөткөнүн белгилеп, иш көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Новости по дате