http://www.ktrk.kg/ Тогуз-Торо районунда жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүлүүдө

Тогуз-Торо районунда жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүлүүдө

25 Янв , 14:46 1343

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагы жазгы-айдап себүү мезгилине даярдык көрүшүүдө. Бул максатта "Унаа-техника" станциясы уюштурулуп, техникаларды даярдоо иштери башталды. Ошондой эле, айыл аймак “ Белорусь” үлгүсүндөгү 3 трактор сатып алды. Ага 800 миң сомдон ашык каражат сарпталып, районду өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды. Районду өнүктүрүү фонду “Макмал” алтын кен комбинатынын эсебинен толукталат.

“Жаздын камын көрүп жатабыз. 3 трактор келди. Келечекте дагы жаңы комбайн алалы деген үмүттөр бар. Анан дагы станция ачылып, техникаларды оңдоп-түзөйлү деп жатабыз”,- деди Тогуз-Торо районундагы Атай айыл аймагынын башчысы Бакдөөлөт Бобукеев. 



Новости по дате