http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Жалал-Абаддагы унаа токтотуучу жайга айланган тротуарлар

Элдик репортер: Жалал-Абаддагы унаа токтотуучу жайга айланган тротуарлар

25 Янв , 16:52 498

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсүндөгү көйгөйлөр менен шаар тургуну бөлүшкөн. 

"Жалал-Абад шаарындагы Шопоков көчөсүндөгү тротуардан күнүгү адамдар көп өтөт. Тротуар эски, асфальттары тешилип, ар кайсы жери көлчүк болуп бүттү. Анысы аз келгесип, тротуардын так ортосунда таштанды таштоочу челек турат. Тегерегинин бары баткак, чачылган таштанды. Бул жерден өтүүгө эч мүмкүн эмес. Айла жок чоң жолго чыгууга мажбур болобуз. Чоң жолдун четинде басуу кооптуу, унаалар көп, катуу айдашат. Сиздерден суранабыз 3 айдан бери турган ушул таштандынын челегин алып салууга жардам берсеңиздер",- деп кайрылган шаар тургуну.

Көчөдөгү дагы бир көйгөй, айдоочулар унааларын жолдун четиндеги тротуарлардын үстүнө токтотуп коюшат. Ошентип, тротуар унаа токтотуучу жайга айланып, жөө адамдар үчүн басууга жол жок.


Новости по дате