http://www.ktrk.kg/Президент бир катар мамлекеттин элчилерине ишеним грамоталарын тапшырды

Президент бир катар мамлекеттин элчилерине ишеним грамоталарын тапшырды

25 Янв , 23:28 1903

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Украина, Индия, Куба, Словакия жана Ливан мамлекеттеринин Кыргызстандагы элчилери Президент Сооронбай Жээнбековго ишеним грамоталарын тапшырышты. Өлкө башчысы менен ар бир Элчинин ортосунда өз ара кызыкчылыктарга туура келген тармактардын баарында эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин камтыган маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Негизи ишеним грамотасы аркылуу дипломаттык өкүлдүн билдирүүлөрүнө жана аракеттерине ишеним көрсөтүү өтүнүчү билдирилет.


Ар бир элчини ардак кароол Ак үйдүн алдында салам айтып, өзгөчө сый урмат менен тосуп алуусу адатка айланып калды десек болот. Ишеним грамотасын алгач Украинанын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси тапшырды. Элчилер менен баарлашууда Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу өз ара кызматташуунун кеңири тармагы, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык тууралуу сөз болду.

Украинанын элчиси эки өлкө ортосундагы тарыхый байланыштар тууралуу эске салды. Мындан ары да ынтымак достукту бекемдөө, андан сырткары инвестиция тартуу, транспорт жана жалпы экономикалык кызматташтык талкууланды. 



Кыргызстан айыл чарба, транспорттук жана авиа байланыштар, туризм, жеңил өнөр жай, билим берүү, медицина, илим жана техника, өлкөнү санариптештирүү тармактарында мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Индиянын Элчиси менен алдыда Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга боло турган иш сапарына байланыштуу маселелер кеңири талкууланды.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы ЕАЭБ жана Кыргызстандын ВСП+ макамынын алкагында кызматташтыкты тереңдетүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу эске салды. Словакиянын Кыргызстандагы элчиси Милан Коллар да Кыргызстанда инвестицияны илгерилетүүгө багытталган иш-чараларга басым жасоо зарылдыгына токтолду.

Президент Элчилердин биздин өлкөлөрдү өнүктүрүүгө арналган дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Украина, Индия, Куба, Словакия жана Ливандын Элчилери Президент Сооронбай Жээнбековду кызматташуунун бардык тармактары боюнча эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, өлкөлөрдү жакындатууга бардык күч-аракетин жумшай тургандыктарына ишендиришти. 



Новости по дате