http://www.ktrk.kg/Бишкек жылуулук электр борборунда кайрадан көйгөй жаралды

Бишкек жылуулук электр борборунда кайрадан көйгөй жаралды

26 Янв , 17:58 5079

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек жылуулук электр борборунда кайрадан көйгөй жаралды.

"Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы кабарлагандай, тармактык суу менен камсыз болгон түтүктө мүчүлүштүк чыкты. Аны атайын комиссия текшерип жатат. 

Расмий маалыматта айтылгандай, бул чекилик Жылуулук электр борборун модернизациялоо учурунда кеткен. "Бишкекжылуулук тармагы" ишканасы 26-январда жылуу сууну убактылуу өчүрөт. 

Бишкектин түштүк тарабында жылуулук азаят. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү, темир жолдун түндүк жагындагы түтүктөрдө суу токтойт. 

Оңдоо иштерин кечки саат 21:00гө чейин бүтүрүү пландалган. 

Күн мурда баш калаанын бир нече кичи райондорунда көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбей калган. 

Эске салсак, бир жыл мурун, 2018-жылдын 26-январында да Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, кыш чилдеде шаар тургундары бир жумадай жылуулуксуз калышкан.


Новости по дате