http://www.ktrk.kg/Мурдагы транспорт жана байланыш министри А.Малабаев жол кырсыгына кабылды

Мурдагы транспорт жана байланыш министри А.Малабаев жол кырсыгына кабылды

28 Янв , 9:59 1086

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылып, Сокулук райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, Аргынбек Малабаев түшкөн "Тойота Лэнд Крузер" унаасы 27-январдын кечинде Сокулук районундагы Белогорка капчыгайында жардан кулап, 38 жаштагы айдоочу каза тапкан. 

Машинеде айдоочудан тышкары үч киши болгон. Алардын баары Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. Кырсыкка кабылгандар тоого аңчылыкка чыкканы маалымдалды.

Новости по дате