http://www.ktrk.kg/Жалал-Абаддагы өрттөн жабыркагандардын биринин абалы оор

Жалал-Абаддагы өрттөн жабыркагандардын биринин абалы оор

11 Май , 13:08 261

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад шаарынан алыс эмес жайгашкан мунай базасынан чыккан өрт 10-майда түнкү он экиде толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоону өчүрүү үчүн 182 өрт өчүрүүчү, 12 унаа иштеди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, базанын аймагындагы миң тонналык бир цистерна күйдү. Анын ичинде мазут бар болчу. 

Мындан тышкары, май ташыган бир унаа толугу менен күйүп кеткен. Тилсиз жоонун кесепетинен 2 жаран жаракат алып ооруканага түштү. Муну менен катар нефтебазага жакын жайгашкан турак жайларда жашаган 2 миңге жакын киши эвакуацияланган эле. Өрт толугу менен өчкөндөн кийин алар үйлөрүнө кайтышты.

Мына ушул мунай базасында чыккан өрттөн жаракат алып, облустук ооруканага түшкөн эки кишинин бири үйүнө чыкты. Ал бети, жаак бөлүгү, далысы күйгөн өрт өчүрүү кызматынан кызматкери. Толук кароодон өтүп, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жибериген. Ал эми ошол базанын кароолчусу, 24 жаштагы адамдын абалы оор бойдон калууда. Анын денесинин 50 пайызы күйгөн.

Новости по дате