http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Республикалык олимпиада акча табуунун эле жолубу?

Элдик репортер: Республикалык олимпиада акча табуунун эле жолубу?

28 Янв , 18:31 437

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл www.araket.kg сайтында окуучулар үчүн жарыяланган республикалык олимпиадага катышучуулардын саны көп болгон. Биринчи, экинчи турлары райондордо өтүп, акыркы туру Бишкек шаарында 19-январда өттү. Бирок бир топ акча каражатын коротуп, алыстан ат арытып келген миңден ашуун окуучулардын ата-энелери өзүлөрү күткөн жыйынтыкты көрө албай, томсоруп кайтууга аргасыз болушкан. Мындай маалыматы менен алардын арасында жүргөн ата-энелердин бири бөлүшкөн.

1-турда 100 сом, 2-турда 200 сом, ал эми шаарга келгенден кийин ар бир окуучудан 900 сомдон алышты. Бирок жыйынтыгына биз ишенген жокпуз. Же жеңил акча кылуунун жолубу? Билим берүү министрлиги ушул нерсени көзөмөлгө алышын суранабыз.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате