http://www.ktrk.kg/Бишкекте унаа уурдап жүргөн топ кармалды

Бишкекте унаа уурдап жүргөн топ кармалды

28 Янв , 23:09 501

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кылмышка шектүүлөр буга чейин ар кандайунаалардын тетиктерин уурдап соттолгон болсо, кутулгандан кийин аларды бүтүндөй уурдоого өтүшкөн.

Атын атагысы келбеген жабырлануучу бул унаасын акчасын бөлүп төлөп турам деп карызга алган эле. Баласы экөө алмак-салмак такси кызматын жүргүзүп, үй-бүлөсүн бакчу. 16-январда иштеп келип, үйдүн астына токтоткон кезде, жаңы алган унаасын дал ушундай абалда көрөм деп ойлогон эмес. 

Дал ушундай окуя январь айынын 6 сында да катталып, Бишкек шаарынын тургунунан арыз түшкөн. Бишкек шаардык криминалдык милиция кызматкерлери жана Свердлов райондук ИИБдин ыкчам топторунун биргелешкен иш чараларынын негизинде кылмышка шектүүлөр кармалды. Эң кызыгы уурдалган унаалардын баардыгы Хонда Одиссей маркасында болгон.



Новости по дате