http://www.ktrk.kg/Тогуз-Торо районундагы жазга даярдык иштери

Тогуз-Торо районундагы жазга даярдык иштери

29 Янв , 10:05 2453

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айылындагы "Ак-Талаа" каналы оңдолуп жатат. Бул канал аркылуу 420 гектар жер сугат суусу менен камсыз болот. Буга мамлекет өз чөнтөгүнөн үч миллион сом берип, жазгы талаачылык жумуштары башталгыча ишке кирет деген үмүт бар. Ал эми сугат суусу жылда көйгөй жаратып, жадап бүткөн жергиликтүү эл кол куушуруп отурушпай колунан келген жардамдарын көрсөтүшүүдө. Райондун суу чарба башкармалыгы мындан башка өрөөн боюнча 32 чакырымга чейин созулган каналдын 12 чакырымын өз күчтөрү менен оңдоп чыгышкан.

“Көк-Ирим каналы кичине кечирээк башталды акча маселеси бөлүнүп келгендиктен ушундай абалда болуп калдык. Бирок, биз кышка карабай азыр каналды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатабыз. Жазга даяр кылабыз буйруса”,-деди Тогуз-Торо райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Азамат Райымкулов. 

Новости по дате