http://www.ktrk.kg/"Кыргызстан - тоо лыжалары жана кышкы туризм өлкөсү" аталган фестиваль өтөт

"Кыргызстан - тоо лыжалары жана кышкы туризм өлкөсү" аталган фестиваль өтөт

29 Янв , 10:21 1723

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Кыргызстан - тоо лыжалары жана кышкы туризм өлкөсү" аттуу кайрымдуулук фестивалы 2-февралда Аламүдүн районундагы "Зил" тоо базасында өтөт. Туризм Департаментинин директору Максат Дамир уулунун билдиргенине караганда, бул фестиваль кышкы туризмди өнүктүрүү урааны алдында өтүп, ал жакта демөөрчүлөрдүн атынан ар түрдүү акциялар өткөрүлмөкчү. 

Анда түшкөн каражаттар муктаж болгондорго берилет. Иш-чаранын негизги максаты - кышкы туризмди өнүктүрүү жана кайрымдуулук акциясы экендигин айтат Максат Дамир уулу. Жыл сайын бул иш-чаранын алкагында 240-250 миң сом чогулат. Чогулган каражаттарды кайсыл жакка бөлүштүрүү кеңешилип чечилет. 

"Биз жарандарды фестивалга катышып, кайрымдуулукка салым кошууга чакырабыз. Эч нерсе төлөөнүн кереги жок, бир гана келип катышуу керек. Ал эми кайрымдуулукка кол кабыш кылам дегендер 150 сомдук лотереяны сатып алса болот", - дейт уюштуруучулар.

Новости по дате