http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Айыл жолун суу каптап, каттаганга кыйынчылык жаралууда

Элдик репортер: Айыл жолун суу каптап, каттаганга кыйынчылык жаралууда

29 Янв , 13:23 397

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош облусунун Көк-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылынын ичинен аккан суу катуу суукта жолун каптап, учурда тургундарга кыйынчылык жаралууда. 

Кайыңды айылында жылына ушул көйгөй. Мурун дагы мынчалык каптачу эмес эле, быйыл жолдун баарын суу басып, көк жылгаяк музга айланып калды. Биз буга чейин дагы ушул маселе боюнча жергиликтүү бийликтегилерге айтып келгенбиз. Айыл аралаган сууну дамба менен бекемдеп беришсе, кышында кыйынчылык тартпайт элек. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате