http://www.ktrk.kg/Токмоктогу ок атышууга шектүү изделүүдө

Токмоктогу ок атышууга шектүү изделүүдө

29 Янв , 13:00 1000

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Токмок-Автожол" өткөрмө бекетинин жанында орун алган атышууга шектүү Аскат аттуу жаранга издөө жарыяланды. Ал мурдараак милиция кызматкерлеринин чакыруусуна баш ийбей, келүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов маалымат жыйында билдирди. 

Ал желим ок жеген Дастан аттуу жабырлануучу учурда Токмок шаардык ооруканада жатканын кошумчалады. 25-январда болгон чуулгандуу окуя "бейбаштык" беренеси менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Маалыматка ылайык, күйүүчү майды аткезчилик жолу менен ташыган деп айтылып жаткан Дастан менен Кубан аттуу жарандар аткезчилик менен эми алектене баштаган Бахтияр, Аскат деген адамдарга кысым көрсөткөн. 

Ортодо талаш-тартыш чыгып, Аскат аттуу жаран травматикалык тапанчадан денесинин төрт жеринен жаракат алган. Интернетте башына, аркасына жана санына желим ок тийген жаран тартылган кыска видео дагы жайгаштырылды. Териштирүү иштери уланууда.

Новости по дате