http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Балыкчыда канализациядан чыккан булганыч суу көчөнү каптоодо

Элдик репортер: Балыкчыда канализациядан чыккан булганыч суу көчөнү каптоодо

29 Янв , 17:02 410

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын Горная көчөсүнүн учурдагы абалы тасмада көрсөтүлгөн. Көчөнү канализация түтүгүнөн чыккан кир, булганыч суу каптоодо. 

"Көчөнүн өйдө жагында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн канализациясы жарылып, андан чыккан булганыч суу көчөнү, үйлөрдүн короосуна чейин каптоодо. Жөн суу болсо да мейли, булганыч болгондуктан жыты чыгып, үйүбүзгө чейин сасып жатат. Кышкысын тоңуп, жылгаякка айланат, балдар мектепке ушул сууну кечип, тебелеп барып келишет. Тиешелүү кызматтар бизди такыр карашпайт",-дейт айыл тургуну.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате