http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Нарын облустук ооруканасындагы абал

Элдик репортер: Нарын облустук ооруканасындагы абал

29 Янв , 16:28 434

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Автор Нарын облустук ооруканасынын абалын тасма тартып, көрсөткөн. Көрүнүп тургандай оорулуулар көп болгондуктан, палатадан тышкаары залга жатып дарылангандар көп. Эшикте - 35 градус суук, оорукана салкын терезеден урган шамал сезилип турат. Оорулуулар жылуу кийинип, төшөктөрүн жамынып отурушат.

"Оорукана кызматкерлерине ырахмат, эч кандай шарт жок болсо дагы бизди жоктон бар кылып, бизди даарылап жатышат. Түнкүсүн өзгөчө суук экен, терезелерден шамал кирип, өйдө жагынын бары кыроо басып турат",- дейт бейтаптардын көбү. 

Белгилүү болгондой, оорукананын ашканасында канализация, суу түтүктөрү иштебейт.

 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате