http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Каттоо кызматындагы кезек күтүү качан жөнгө салынат?

Элдик репортер: Каттоо кызматындагы кезек күтүү качан жөнгө салынат?

29 Янв , 14:58 412

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Керелден кечке кезек күтүп, кезеги тийбей калса жумалап элди каттаткан жерлердин бири Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматы. Бул көйгөй ар бир аймакта бар. Бирок элдин көйгөйүн жеңилдетүүгө эч кандай аракеттер көрүлбөй жатканы өкүндүрөт. Бул жолу Ноокат районундагы абалды тартып жөнөтүшкөн. 

Документ алыш түмөн-түйшүк жаратууда. Бир справкага кол койдуруш үчүн жумалап ушул жерде керелден кечке кезек күтүүгө туура келет. Көпчүлүк алыскы айылдардан оокат-ашын таштап коюп ушул жерде жүрүшөт. Эмне үчүн ушул нерсеге көңүл бурушпайт чоңдор? 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате