http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Мектептин жанындагы жер өтмөктүн ичи каралбай калган

Элдик репортер: Мектептин жанындагы жер өтмөктүн ичи каралбай калган

29 Янв , 16:38 447

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 

Сокулук районунун Новопавловка айылынын Чыңгыз Айтматов атындагы №1 орто мектептин жанындагы жер өтмөктөн ичи каралбай, капкараңгы бойдон жатат. Жолдо жол чырак жок болгондуктан окуучулардын өтүүсүнө жер өтмөк коопсуз болмок. Бирок ичи капкара болуп, коркунучтуу болгондуктан көпчүлүгү жолду кесип өтүп кетишет. 

Мындай кайрылуулар буга чейин дагы бир нече жолу келип,  эфирден дагы көргөзүлгөн. Бирок тийиштүү тараптан эч кандай чара көрүлгөн эмес. Бүгүн, 29-январдын таңында бул жерде жол кырсыгы катталып, 11 жашар окуучу каза болду. 



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате