http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Ысык-Атанын Ичке-Суу айылынын көчөлөрү толук жарыктандырылды

Элдик репортер: Ысык-Атанын Ичке-Суу айылынын көчөлөрү толук жарыктандырылды

29 Янв , 17:31 571

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн Ичке-Суу айылында айыл өкмөттүн казынасынан атайын каражат бөлүнүп, көчөлөргө жарыктандыруучу лампалар коюлду. Көчөбүз жаркырап, кечинде коркпой басып калдык, балдарыбыз мына чана тээп ойноп жатышат. Айылыбыздын узундугу бир чакырымдан ашык, ошонун бары жарыктандырылды. Ал эми биздин коңшу Нооруз айылына да жарыктандыруу коюлган. 

"2018-жылдын эсебинен айыл өкмөт тарабынан электр жарыктары орнотулду, өткөн жылы жолдорду оңдотконбуз, аркы жылы таза суу көйгөйү чечилген. Демөөрчүлөр да чыгышты", - деп айыл тургуну жакшы жаңылыктары менен бөлүшкөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате