http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: дөңгөлөк жагып, абаны булгаган Военно-Антоновка айыл тургуну

Элдик репортер: дөңгөлөк жагып, абаны булгаган Военно-Антоновка айыл тургуну

29 Янв , 17:50 553

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын Токтогул көчөсүнүн тургунунун өзүм билемдик иш-аракетине коңшулар нааразычылык билдирип, "Элдик репортер" рубрикасына кайрылышкан. 

"Военно-Антоновка айылындагы Токтогул көчөсү 118-үйүнүн жашоочулары күнүгө ушинтип дөңгөлөк жана пенопласт отко жагышат. Мындан чыккан кара түтүн абаны булгап, дем алганга кыйын болууда. Канча жолу тийиштүү жерге кайрылсак да, эч кандай чара көрбөй жатышат. Дөңгөлөк жакпагыла деп кошуналар айтсак, анда көмүр алып бергиле деп догурунушат. Түкүргөндү коюп ушинтип абаны, айлана - чөйрөнү булгап, дөңгөлөк, тигүү цехтеринен чыккан калдыктарды жаккандарга чара көрүшсө жакшы болмок. Сиздерге чоң үмүт менен кайрылып жатабыз, ушул маселени тийиштүү тараптарга жеткирип коюңуздар, сураныч",- деп өтүнүчүн калтырган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате