http://www.ktrk.kg/Көптөн күткөн Коопсуз шаардын ишке ашаар күнү качан?

Көптөн күткөн Коопсуз шаардын ишке ашаар күнү качан?

29 Янв , 23:34 2852

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүүгө даярдыктар кызуу жүрүп жатат. 

Анын биринчи фазасын аткаруу үчүн 8-январдан тарта борбор калаанын 10 жолунун кесилишине орнотула турган жабдуулар толук алынып келинген. Жалпы 4 баскычтан турган бул ири долбоордун биринчи бөлүгү 12-февралда иштеп баштайт.

Жолдогу эреже бузуулардын 8 түрүн - орнотулган камералар күнү-түнү фото жана видео каттоого алып турат. Андан келген айыптар айдоочуларды “сестентип”, жол кырсыктарын алдын алат. 

Буга өнүккөн өлкөлөрдөгү мындай долбоорлордун көп жылдык тажрыйбасын жана жыйынтыктарын көрүп айтууга болот. 

Көп жылдар бою сөз болуп, бирок ишке ашпай келген “Коопсуз шаар” ордунан козголду. 

Долбоорду ишке ашыруу 4 баскычка бөлүнгөн. Ага ылайык, Бишкектеги 38 кесилишке фото жана видеожабдуу жана 4 стационардык чектик аппараттык программалык комплекс орнотулат. 

Ошондой эле Чүй облусу боюнча 48 стационардык жана 20 көчмө чектик комплексти орнотуу пландаштырылууда.


Новости по дате