http://www.ktrk.kg/Үрөй учурган Токмоктогу адамдардын атышуусуна эмне себеп болгон?

Үрөй учурган Токмоктогу адамдардын атышуусуна эмне себеп болгон?

29 Янв , 0:04 4329

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Окуя болгондон кийин эч кандай атышуу катталган жок деп ишти жабууга аракет кылып жаткан Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы маалымат каражаттарына байма-бай чыгып жаткан видео материалдардан улам, маалымат жыйынын өткөрүүгө аргасыз болду. 

Билдирүүгө ылайык, алгачкы суракка алган күнү окуянын катышуучулары маалымат берүүдөн баш тартышкан.

Мындан көп өтпөй эле интернетке окуя болгонун тастыктап, андан денесинен жаракат алган Аскат аттуу жарандын тасмасы чыкты. Анда башына, аркасына жана санына желим ок тийген адамдын "Чемпион" деген каймана аты бар адамдын Дастан аттуу таанышы атканын айтып жатканын угууга болот.

Интернет айдыңында кызуу талкууга алынып жаткан окуя Чүй облусундагы Дунларов көпүрөсүнүн жанында болгон. Өзүңүздөр көрүп тургандай дал ушул "Токмок-Автожол" өткөрмө бекетинин маңдайында 25-январда түнкү саат 3 төн 5 ке чейинки убакытта атышуу болгон. 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, чуулгандуу окуя Казакстандан аткезчилик жол менен ташылып келип жаткан күйүүчү майдын кесепетинен болгон.

Расмий такталбаган маалыматтарга караганда окуяга тиешеси бар делип жаткан Кубан Токмок шаардык кеңештин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев болушу мүмкүн. Мындан башка тар чөйрөдө "Чемпион" деген каймана ат менен белгилүү Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевдин да аты аталууда. Чүй милициясы болсо, эл өкүлү суракка чакырылганын тастыктады.

Учурда тергөө башталган бул окуя адилеттүү каралса, бир нече коррупциялык иштин бети ачылгыдай. Чүй облустук милициясы тастыктагандай, чек арадан мыйзамсыз товар алып өтүү боюнча фактылар бар. 

Бир катар атка минерлердин тиешеси бар бул иштин чоо-жайы, тергөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу азырынча купуя турат.

Новости по дате