http://www.ktrk.kg/Милиция кызматкерлери өрт чыккан үйдөн адамдарды куткарып калышты

Милиция кызматкерлери өрт чыккан үйдөн адамдарды куткарып калышты

30 Янв , 10:47 1146

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Шаардык ички иштер башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмүнүн милиция кызматкерлери борбордогу көп кабаттуу турак үйдүн батири өрттөнүп жаткан учурда балдарды жана чоңдорду сыртка алып чыгып, куткарып калышты. Аймактык инспекторлор жалбырттаган өрткө, коюу түтүнгө карабай батирге кирип, адегенде 7 жаштагы кызды куткарышкан. 

Ошол эле учурда турак жайдын башка батирлеринин да тургундарын сыртка чыгарышкан. Аймактык тескөөчүнүн бири Мыктыбек Мурзабеков иске ууланып сыртка чыга албай калган аялга жардам берген. Милиция кызматкерлери өрт өчүрүүчүлөр келгиче жашоочуларды куткарып, сыртка чыгарышкан. Турак жайдын тургундары жана өрт чыккан батирдин кожейкеси кырсык маалында куткарууга келген милиция кызматкерлерине жарандык жана кызматтык милдетин так аткарганы үчүн ыраазычылык билдирет.

Новости по дате