http://www.ktrk.kg/Кыргыздын кышкы оюндарынын фестивалы өттү

Кыргыздын кышкы оюндарынын фестивалы өттү

30 Янв , 11:29 1106

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тоң районунда “Кыргыздын кышкы оюндары” фестивалы өттү. Саамалык жергиликтүү бийликтин жана “Тескей жээк” коомунун демилгеси менен уюшулуп, унутта калып бара жаткан улуттук оюндарды жандандырып, аны көпчүлүккө таратуу жана этно маданиятты даңазалоо максатын көздөйт. 

Фестиваль Чуңкур-Булак кыштоосунда өтүп, ата-бабалардан калган, Талпак чана менен жарышуу, Чангы жаа мелдешинде лыжа менен түшүп бара жатып Теке бутаны атып өтүү сыяктуу бир катар мелдештер орун алды. Аны менен катар кыргыздын кышкы оюндарына тиешелүү буюмдардын бет ачары да өттү. 

Анда кыш мезгилинде аңчылыкка чыкканда кийүүчү жүндүү тери менен капталган лыжа, калың кардын үстү менен басканга ылайыкташкан жыгачтан ийгилип жасалган Жапкак, муз үстүндө жүрүү үчүн чокой менен кошо кийилүүчү Тай туяк жана башка буюмдар көрсөтүлдү.

“Акыркы жүз жылдыкта кыргыздын кышкы оюндары унутту калды. Биз ошону тарых булактарына таянып туруп жандандырууну аракет кылып атабыз. Анткени кыргыздар октябрдан тартып тээ марттын этегине чейин кар ичинде кыштоолордо жашап келген. Анан албетте бул мезгилге ылайыкташып оюндары да сөзсүз болгон. Мен ойлом мындан ары бул саамалык жер-жерлерде да уланат болсо керек деп”,- деп белгиледи  Салбуурун федерациясынын башчысы Алмазбек Акунов. 

"Быйыл Тоң районунда 12 фестиваль уюштурууну пландап жатабыз. Мөөнөттөрүн азыр тактап алдык. Бардык саамалыктар ушул этно маданиятты өнүктүрүү багытын көздөйт. Анан эми Тоң жергесинде кар аз жаайт. Ага карабастан кышкы оюндарыбыз көңүлдүү өтүп жатат”,- дейт Тоң районунун акими Таалайбек Ажиев. 



Новости по дате