http://www.ktrk.kg/Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынында тоо-кен тармагы талкууланда

Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынында тоо-кен тармагы талкууланда

30 Янв , 12:46 2005

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Акыркы жылдары Кыргызстандын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине тийиштүү көңүл бурулбай, тескерисинче ал акырындап мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгарыла баштаган. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди. Өлкө башчысы жер казынасын сактоо, коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу улуттук коопсуздукту камсыз кылуу учун артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи. 

Азыркы учурда тоо-кен тармагынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 12 миллиард сомго жакын каражат түшөт. Өлкөнүн 18 миңден ашуун жараны тоо-кен казуу тармагынын өндүрүш ишине тартылган. Президент акыркы жылдары Тоо-кен өнөр жайы жана жер казынасын пайдалануу боюнча тармактарда жана айрым мамлекеттик органдарга коррупция терең кирип, айрыкча лицензия-уруксаат берүү системасында ал тамырлашып кеткенин белгиледи. 

Коррупциялык схемалар менен лицензияларды алышып, алып-сатарлык баада сатып келишкен көрүнүштөр көбөйгөн. Өлкө башчысы тоо кен тармагындагы мындай башаламандыктарды жоюп, лицензия берүүнү кылдат талдап, инвентаризация кылуу менен жыйынтыгында тоо-кен тармагында ачык-айкындыкка жетишүү, бул тармакка ачык, таза жол менен инвестиция тартуу жана Тоо кен тармагындагы чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлердин иштөөсүнө шарт түзүү маселелерин тез арада чечүү тапшырмасын берди. 

Ошондой эле жыйында, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы баяндама жасап, 2012-2018-жылдар аралыгында бул тармакта орун алган ири коррупциялык фактылар тууралуу айтып беришти.

Новости по дате