http://www.ktrk.kg/Жаңы кодекс боюнча эркинен ажыратылган жарандын укуктары кандай болот?

Жаңы кодекс боюнча эркинен ажыратылган жарандын укуктары кандай болот?

30 Янв , 20:35 1183

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаңы кодекс боюнча эркинен ажаратылган жаранды, кайсы түрмөдө мөөнөтүн өтөөрүн сот чечпейт. Ошондой эле жаңы кодексте, эркинен ажыратылган жаранды коомго аралашуусуна өбөлгө түзгөн институт пайда болду. 


Эми эркинен ажыратылган киши кайсы абакта мөөнөтүн өтөөрүн сот эмес, Жаза аткаруу мамлекеттик агенттигинин алдындагы түзүлгөн комиссия аныктайт. Сот айыпталуучунун ишин жаңы барактан баштап карайт. Ошондой эле мурда соттолгондордун укуктары, жаңы соттолгондордон айырмаланат.

Өзгөртүүгө ылайык, кылмыштын оордугуна карата эркинен ажыратылган жаран күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө жайгаштырылбайт. Айыпталуучу жеңилдетилген мөөнөттөгү атайын тартиптеги пенитенциардык жайга киргизилет. Андагы шарттар бир топ жумшак: күнөөлүү мыйзамдын негизинде үй-бүлөсү менен жашап, иштегенге да мүмкүнчүлүгү болот.


Новости по дате