http://www.ktrk.kg/Балдарды зомбулуктан кантип коргойбуз?

Балдарды зомбулуктан кантип коргойбуз?

30 Янв , 22:26 923

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Былтыр жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн 136 факт аныкталган. Алардын 13ү зомбулуктан улам каза болгон. Коомду дүрбөлөңгө салган окуялардан улам, өкмөт Балдарды коргоо департаментин түзүү керектигин айткан. Мекеме Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында негизделмей болду. 



Азыр Кыргызстанда 54 миң баланын ата-энеси чет өлкөгө иштегени кеткен. Адистердин айтымында, көбүнчө мигранттардын балдары зомбулукка кабылууда. Туугандарынын колунан ажал тапкан балдар жөнүндөгү маалыматтар жүрөктүн үшүн алат.


Башкы прокуратуранын берген маалыматында, Талас, Аксы, Баткен аймактарында балдарга карата зомбулук аракеттери аз катталган. Ал эми кылмыш көп болгон аймактар төмөндө:

Мамлекеттик жумуш орундарын түзүүгө мораторий киргизилгендигине байланыштуу, министрлик буга чейин балдар менен иштеп келген башка мекемелердеги адистерди которуштуруу жолу менен жумушка алууну мерчемдеп жатат. Эгер бул мекеме иштеп калса, балдарды коргоо иштери күчөтүлүп, алар жөнүндөгү маалыматтар электрондук базага топтолуп, өлкөдөгү ар бир бала көзөмөлгө алынмакчы. 





Новости по дате