http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Бишкек шаарын жолбун иттер каптап кетти

Элдик репортер: Бишкек шаарын жолбун иттер каптап кетти

31 Янв , 10:10 442

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаанын конуштарында жана шаардын ичинде топ-тобу менен жүргөн жолбун иттер каптап кетти. Алар айрым учурларда адамдарга асылып же артынан ээрчип алган учурлары да болот. Мындай көрүнүш айрыкча сейил бакта балдары менен эс алып жүргөндөргө жана мектеп окуучуларына кооптуулук жаратууда. Ушул маселе боюнча биздин рубрикага акыркы күндөрү тынчызданган тургундардын атынан көп кайрылуулар болууда.

Мэриянын тийиштүү бөлүмдөрү бул нерсеге карата чара көрбөсө, шаарды аралаган жолбун иттердин саны көбөйүп кетти. Булардан ар кандай оорулар да таркашы мүмкүн. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате