http://www.ktrk.kg/Өткөн жылы 13 бала киши колдуу болду

Өткөн жылы 13 бала киши колдуу болду

31 Янв , 10:17 829

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2018-жылы 13 бала киши колдуу болгон. Алардын үчөө өз энесинин колунан ажал тапкан.

Каза болгондор арасында 3 жаңы төрөлгөн наристелер болгон. Аларды энелери өздөрү өлтүргөн же өмүрүнө коркунуч жаралган абалда калтырып коюшкан. Мындан башка дагы эки фактыда, энелер суицид жасоого аракет кылып, бирок натыйжада балдары чарчап калган. Ошондой эле жакын туугандарынан ур токмокко кабылып каза болгон балдар дагы жок эмес. Эми өкмөт мындай зордук зомбулукка жол бербөө максатында балдарды коргоо департаменттин түзүүгө даяр. Учурда анын иш планы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан иштелип чыкты.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"


Новости по дате