http://www.ktrk.kg/Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти

Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти

31 Янв , 22:56 767

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты. Бүгүн каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов ант беришти. 

Мамлекет башчысы жаңы өкмөт мүчөлөрүн ант бериши менен куттуктап, министрлер буга чейин жооптуу иштерде иштеп, аздыр-көптүр тажрыйба топтогондорун, тажрыйбасын жана билимин колдонуп, эл күткөн ийгиликтерди алып келээрине ишенгенин белгиледи. 

“Үч бийликтин бутагы эриш-аркак, биргеликте иштесе, мамлекетибизде сөзсүз түрдө алдыга жылуу, ийгиликтер болот. Ушул жыл эли-жерибизге жакшылыктарды гана алып келсин, өлкөбүздө ынтымак жана биримдик болсун”, - деп сөзүн жыйынтыктады президент.


Новости по дате