http://www.ktrk.kg/Монголияда катуу бороондон улам 6 киши көз жумду

Монголияда катуу бороондон улам 6 киши көз жумду

15 Май , 9:21 399

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Монголиянын Түштүк-Гоби облусунда 11-майда башталган кар бороондон төрт тургун каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын 149 кызматкерден турган издөө тобу 48 атайын техниканын жардамы менен жоголгон 41 адамдын 37син тапты. Мындан тышкары, Убурхангай аймагында эки малчы көз жумду. Бул тууралуу “Монголия Сейчас” сайты жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, учурда Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына мал жоготуу боюнча чалуулар түшүүдө. Ошондой эле жалпы чыгымдын суммасы тактала электиги айтылууда. Башкармалык берген билдирүү боюнча, кар бороон Баянхоргор, Гоби-Алтай, Чыгыш-Гоби, Убурхангай, Хэнтий, Ховд, Сухбатар жана Орточо Гоби  облустарынын тургундарына да зыян келтирген. Бороон болгон күндөн эки күн мурда метеорологдор жаратылыш кырсыгы тууралуу эскертүү берген. Бирок Монголиянын  малчылары эскертүүнү эске алган эмес. Гидромет борбору берген акыркы маалыматтарга ылайык, 14-майдан 17-майга чейин аба ырайы өзгөрүүсүз калып, шамалдын ылдамдыгы 24 м/секундага чейин жетиши мүмкүн. 

Асел Шамилова “Биринчи Радио”

Новости по дате