http://www.ktrk.kg/Жалал-Абад облусунда күрүч тазалоочу жаңы ишкана ишке кирди

Жалал-Абад облусунда күрүч тазалоочу жаңы ишкана ишке кирди

31 Янв , 15:24 948

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаңы-Абад айылында автоматташтырылган тутумундагы күрүч тазалоочу жаңы ишкана ишке кирди. Аталган ишкана курууга 20 миллион сом каражат жумшалды.

Бул айылдын дыйкандары район боюнча күрүчтү көп өстүрүшөт. Тагыраак айтканда 606 гектар аянтка шалы өстүрүшөт. Ошондуктан жергиликтүү журт үчүн буга чейин жыйнаган түшүмдү жеринде кайра иштетүү көйгөй жаратып келген. Эми минтип алардын мүдөөсү орундалып жаңы ишкана пайдаланууга берилди. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.                                                                         

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"


Новости по дате