http://www.ktrk.kg/Балдар үчүн кыргыз тилин үйрөтүүчү мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Балдар үчүн кыргыз тилин үйрөтүүчү мобилдик тиркеме иштелип чыкты

31 Янв , 16:50 823

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз тилин жеңил үйрөтүү максатында мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Мобилдик тиркемени окуучулар, мамлекеттик кызматкерлер жана жалпы жарандар пайдаланып, тилди өздөштүрсө болот. 

Мамлекеттик тил комиссиясы IT адистердин жардамы менен иштелип чыккан программа төрт бөлүктөн турат. 

1. Мектеп курагына чейинки балдарга (3-5 жаш) кыргыз тилин үйрөтүү боюнча интерактивдик мобилдик колдонмо.

2. Башталгыч класстагы балдарга (6-10 жаш) кыргыз тилин үйрөтүү боюнча интерактивдик мобилдик колдонмо.

3. Кыргызтест системасы алкагында кыргыз тилин жеңил үйрөтүүгө мобилдик колдонмо жана веб-портал. 

4. Тексти үнгө айландыруу үчүн программалык аппарат.

Мектеп курагына чейинки (3-5 жаш) жана башталгыч класстагы (6-10 жаш) балдар үчүн “Бал тил 1” жана “Бал тил 2” мобилдик колдонмолору бар. Бул мобилдик тиркеме Android жана iOS платформаларына жайгаштырылган.

Кийинки 3- программа “Кыргызтест” тутумунун алкагында түзүлгөн www.tiltest.kg веб-порталы. Ал аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тестке даярданып, кыргыз тилин жеңил үйрөнө алышат. 

Төртүнчү текстти үнгө айландыруучү программалык аппарат. Бул кыргыз тилин толук түшүнгөн жана сүйлөй ала турган жактар үчүн иштелип чыкты. Программа кыргыз тилиндеги санариптик тексттерди табигый үнгө айландырып, табигый үн менен окуп, колдонуучуларга текстти оңой жана кыска убакыттын аралыгында түшүнүүсүнө жардам берет.

Учурда мектептерде сабак берүү ыкмалары эскирген. Жаңы IT программалар ошолордун ордун толтуруу үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк. 




Новости по дате