http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Бишкектин Жумушчулар шаарчасындагы таштандыга толгон Абдукадыров көчөсү

Элдик репортер: Бишкектин Жумушчулар шаарчасындагы таштандыга толгон Абдукадыров көчөсү

31 Янв , 17:51 777

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Жумушчулар шаарчасындагы Абдукадыров көчөсүндө таштанды таштоочу жай курулганы менен урналары орнотулган эмес. Элдер баштыктар менен таштандыларын жерге эле коюп кете беришет. Кайра эле ит-мышыктар келип бардык таштандыларды чачат. Шамал болгондо акыр-чикир тегеректин барына 50 метрге чейин учуп, чачылат. 

"Бул көчөдөн басканга мүмкүн болбой калыптыр, таштанды сасып, жердин бары желим баштык, бөтөлкө жана тамак-аштын калдыктары чачылып жатат. Ушуну Бишкек шаардык мэриясынын тиешелүү кызматтары карап, таштанды таштоочу атайын урналарды орнотуп койсо жакшы болот эле", - деген пикирин калтырган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

 

Новости по дате