http://www.ktrk.kg/Коомчулукта "Конституцияны өзгөртөбүз" деген күчтөр жанданды

Коомчулукта "Конституцияны өзгөртөбүз" деген күчтөр жанданды

31 Янв , 22:49 2096

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомчулукта "Конституцияны өзгөртөбүз" деген күчтөр жанданып жатканын, парламенттеги ар кандай маселелер маалында депутат Алтынбек Сулайманов айтып чыкты. Эл өкүлү “буга чейинки коституциялык өзгөртүүлөрдүн баары бир эле максатты - бийликтин рычагын бекемдөөнү көздөп келген, - деди. 

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Баш мыйзам 9 жолу өзгөргөн. Коституцияны кайра-кайра өзгөртүүдөн элге эч пайда чыкпастыгын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов айтып чыкты.
Баш мыйзамды коё туруп, чындап эле өзгөрүүгө муктаж болуп турган тармактарда реформа жүргүзүп, күчүбүздү жана каражатыбызды ошол жактарга жумшасак, - дешет серепчилер. 


Новости по дате