http://www.ktrk.kg/Тоо-кен тармагында коррупцияны жою аракети күчөтүлөт

Тоо-кен тармагында коррупцияны жою аракети күчөтүлөт

31 Янв , 22:57 2860

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөнүн тоо-кен тармагын артка тартып, коррупциялык схемалардын пайда болушуна түрткү болгон бир нече себептер бар. Адистердин айтымында, алар: тиешелүү мамлекеттик мекемелердин ачык айкын иш алып барбагандыгы, жетекчилеринин таза эмес, жеке кызыкчылыкты көздөгөнү жана мыйзамдардын карама-каршы болуп, жергиликтүү тургундар менен инвесторлордун тил табыша албай жаткандыгында. Тоо-кен тармагынын адистери бул кемчиликтерди жоюунун жолдорун сунушташат.

Кыргызстанда тоо-кен өндүрүшү экономиканын локомотиви болуп саналат. Кен казуу тармагынан бюджетке 12 миллиард сомго жакын киреше түшүп, бул ички дүң продукциянын 8 пайызын түзөт. 18 миңден ашык жаран мына ушул тармакта эмгектенүүдө. Андыктан тармактагы коррупцияны жоюп, жер казынасын натыйжалуу пайдалансак, экономиканын өнүгүшүнө опол тоодой салым болмок.


Новости по дате