http://www.ktrk.kg/Президент Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды

Президент Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды

15 Май , 11:46 436

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды.

Тараптар коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактагы туруктуулукту сактоо, азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы күрөш, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашышты. Белгилей кетсек, Николай Патрушев Кыргызстанга ШКУ мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген.

Гүлбүбү Үсөнова, "Биринчи радио"

Новости по дате