http://www.ktrk.kg/ЕАЭБдин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны жыйынтыкталды

ЕАЭБдин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны жыйынтыкталды

1 Фев , 22:35 834

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Казакстандын Алматы шаарында ЕАЭБдин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги он алтынчы жыйыны жыйынтыкталды. Бул жолку отурумда ЕАЭБдин санариптик күн тартиби негизги маселелерден болду. Ошону менен бирге уюмдун алкагында кызматташтыкты тереңдетүү, укуктук-ченемдик базасын бекемдөө, ЕАЭБ алкагында бирдиктүү рынокторду түзүү сыяктуу бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Анын жыйынтыгында ондон ашык документке кол коюлду.

Бул жолку жыйындын күн тартибине 15 маселе камтылган. Алардын көбүн өкмөт башчылар тар чөйрөдөгү жыйында талкуулап, беш маселени кеңири курамдагы талкууга калтырды. Бул өз ара соода жүгүртүү, макраэкономикалык абал, кеме менен каттоо боюнча макулдашуу. Дал ушул багытта жумуштардын жүрүп жатканына бир топ жыл болду. Келишимдин максаты бирдиктүү транспорт чөйрөсүн түзүү жана суу транспортунун алкагында жалпы унаа кызматтарынын рыногун калыптандыруу.
Отурумда ЕАЭБдин санариптик күн тартиби негизги маселелерден ага улай Премьер-министрлер уюм алкагында кызматташтыкты тереңдетүү, Биримдиктин укуктук-ченемдик базасын бекемдөө, ЕАЭБ алкагында бирдиктүү рынокторду түзүү, өз ара соода жүгүртүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу, тармактык байланыштарды өркүндөтүү, ошону менен бирге ЕАЭБдин алкаголдук жана жалпы көгүлтүр от рыногун жөнгө салуу боюнча маселелерди талкууга алды. 

Уюмду күчтөндүрүп, ар тараптуу өнүктүрүү үчүн башка дагы ийликтүү өркүндөп жаткан мамлекеттер аралык уюмдун кызматташтыгынын тажрыйбасын аллса болот-деди Кыргызстандын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев. Бул өз кезегинде ЕАЭБ алкагындагы байланышты тереңдетүүгө салым кошуп, товар жана кызмат көрсөтүүнү эркин жүгүртүүгө өбөлгө болот.
Ошол эле учурда Абылгазиев Биримдиктин алкагындагы ар кандай деңгээлдеги жолугушуулар, жыйындар терең кызматташтыкты арттырууга оң таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Буга байланыштуу бекем байланыш түзүп, туруктуу өнүгүү боюнча Евразиядык экномикалык биримдикке мүчө мамлекеттер ортосунда такай кеңешип туруу боюнча чечим кабыл алынды. Жыйындын соңунда талкууланган маселелерди бекемдеген ондон ашык документке кол коюлду. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кийинки отуруму жазында Ереванда өтөт.



Новости по дате