http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Өрүктү айылындагы мектепке тиешелүү жердин бөлүгү жеке тарапка өтүп кетти

Элдик репортер: Өрүктү айылындагы мектепке тиешелүү жердин бөлүгү жеке тарапка өтүп кетти

15 Май , 18:57 58

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ала-Бука районунун Өрүктү айылындагы мектептин бир бөлүгү белгисиз себептерден улам бир адамдын менчигине айланып калган. Мындай мыйзамсыз нерсеге нааразы болгон тургундардын атынан Сагындык Давлеталиев аттуу жаран бизге кайрылган.

Эмне үчүн мектепке тиешелүү жерге документ жасалып, бир адамдын менчигине өтүп кетти. Айыл тургундары атайын органдарга кайрылып, бирок жыйынтык чыгара алган жокпуз. Баягы эле кызматтык чин, акча башкы орунда болуп жатат. Биз ушул жерге териштирүү иштерин жүргүзүп, кайрадан мектептин карамагына өткөрүп берип коюшун бийлик өкүлдөрүнөн суранабыз.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18

Новости по дате