http://www.ktrk.kg/Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленди

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленди

1 Фев , 23:25 543

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү. Буга карата дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө аялдар чогулуп, түркүн иш-чараларды уюштурушат. Маселен, кээ бир өлкөлөрдө бир да аял калбай жоолук салынып, алар туш болуп жаткан кыйынчылыктар, зордук-зомбулактардын баарына коомдун көңүлүн бурушат.

Коомдун активдүү айымдары бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүн улуттук баш кийим менен айкалыштырды. Кыштын ызгаары күч алып турганына карабай, таң эртелеп борбордук аянтка чогулушуп, кыргыздын улуттук баш кийими - Элечекти даңазалашты. "Энелер жолу” коомдук уюму уюштурган иш-чарага 100 го чукул аял чогулду. Ак элечектерин оронгон патриот айымдар шаар аралап басып, ал ортодо өз ара пикир алмашууга да шарт түзүлдү. Ордо калаанын ири соода түйүндөрүнө да киришип, андагы кардарларга жана сатуучуларга улуттук баш кийимдин сыры тууралуу маалымат беришти.

Элечек - энеликтин символу болгондуктан, аны башта көтөрүп жүрүү өзүнчө сыймык. Акыркы жылдары ага терең маани берилип, жеке эле байбичелерге эмес, ар кайсы курактагы айымдарга ылайыкталган элечектердин түрлөрү даңазаланып баштады. Иш-чаранын катышуууларынын баамында элечек сандыкта катылып турбастан, коомчулукта жайылуусу шарт.

Деги эле кыргыздын улуттук кийимдеринин көркөмдүүлүгү, шөкөттөлүшү жана ар биринин өзгөчө чечмелениши менен башка улуттардын кийимдеринен айырмаланып турат. Андыктан уюштуруучулар март айынын башын, деги эле баш кийим же болбосо улуттук кийим күнү катары белгиленүүсүн демилгелеп жатышат.


Новости по дате