http://www.ktrk.kg/Тоо-кен тармагын талкалаган лицензия

Тоо-кен тармагын талкалаган лицензия

1 Фев , 23:07 1022

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тоо-кен өнөр жайы өлкөдө ири жана маанилүү тармактардын бири. Коопсуздук кеңешинин жыйынында жер казынасын пайдаланууга укук берүүчү лицензиялардын санына жана сапатына көңүл бурулду. Эгемендиктен бери инвесторлорго 2 миң 500дөн ашык уруксат кагаздары берилген. Бирок, анын реалдуу иштеп жатканы 50гө жакыны гана. Лицензиянын көбү жең ичинен, коррупциялык жол менен берилип, алар колдон колго өтүп, сатылып келген.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө 2500 ден ашык алтын кени бар. Андан сырткары минералдык суулар, көмүр, сымап, түстүү металлдар, мунай жана радиактивдүү элементтерди камтыган жүздөгөн кендер жайгашкан. Эгемендиктен бери жер казынасын иштетүүгө 3 миңге жакын лицензия берилген. Анын 2010-18-жылдар аралыгында берилгендерин гана мисал келтирели.

Таблицада көрүнүп тургандай эң жогорку чек 2015-17-жылдар. Бул убакта Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти Дүйшөнбек Зилалиев жетектеп турган. Ал бул кызматка 2013-жылы дайындалган. Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов, Зилалиевдин учурунда жалпы лицензиялардын 3/2си берилип кеткенин билдирди. Жалпы лицензиялардын 3/2 бөлүгү бул 1542 лицензияны түзөт. Берилген лицензиялардын ичинен 600дөн ашыгы алтын кенин изилдөө, чалгындоо жана өндүрүүгө берилген. Ошондой эле жер астындагы сууларды изилдөө жана өндүрүүгө 417 лицензия. Ал эми көмүргө 333 уруксат кагазы берилген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети азыркы учурда жеке колдорго берилген лицензияларды текшерүүдө.

Ушул эле жыйында Башкы прокурор Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери жер казынасын пайдалануу комитетинен 41 лицензия алганын билдирди. Бир эле адамга ушунча сандагы лицензияны, андан дагы жер казынасын иштетүү үчүн уруксат берилгенин адистер акылга сыйгыс көрүнүш деп сындашууда.

Эске салсак, Дүйшөнбек Зилалиевге “мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 2018-жылдын 9-декабрында камакка алынган. Анын декларацияда көрсөткөн мүлкү менен иш жүзүндөгүсү чоң айырманы түзүп, укук коргоо органдарынын шегин жараткан.
Мындан сырткары Зилалиевдин үйүн тинтүү учурунда кымбат баалуу сааттар, түрдүү зер буюмдар жана башка баалуу буюмдар менен бирге накталай 2 млн 900 миң сом жана 100 миң доллар акча каражаты чыккан. Ага кошумча декларацияда көрсөтүлбөгөн борбор калаадагы көп кабаттуу үйдөн батир, жер үй жана жер тилкелери чыккан. Өткөн жылдын апрель айында Бишкектин борбордук бөлүгүнөн эки кеңсени жакын туугандарына каттаткан. Сатып алуу келишиминде алардын баалары 34 жана 19 млн сом деп көрсөтүлгөн.

Акыркы жылдары кен тармагына байланыштуу 100гө жакын кылмыш иши козголуп, анын ичинен 2009-жылдан 2018-жылдар аралыгында бул мамлекеттик органдын беш төрагасына карата кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды жасоо боюнча жазык иштери козголгон. Андан келтирилген зыян дээрлик 1 млрд сомду түзүп, бул каражаттын жарымы мамлекетке кайтарылды. Өлкө башчысы Коопсуздук кеңешинин жыйынында жер казынасын пайдалануу комитетинин ишмердигин тыкыр текшерип чыгууну талап кылды.

Адистер дагы тоо кен өнөр жай тармагы акыркы жылдары таза, ачык-айкын иштеген жетекчилерден аксап келгенин белгилешет. Кадрлардын сапаты да чоң суроо жаратып турган мезгил.

Кыргызстанда тоо-кен өндүрүшү экономиканын негизги бөлүгүн түзөт. Кен казуу тармагынан бюджетке жылына 12 миллиард сомго жакын киреше түшүп, бул ички дүң продукциянын 8 пайызын түзөт. Андыктан тармактагы коррупцияны жоюп, жер казынасын натыйжалуу пайдалануу азыркы учурдун актуалдуу маселелеринин бири болуп турат. 



Новости по дате