http://www.ktrk.kg/Таластагы Кара-Буура районунда ички жайыттар кыскарууда

Таластагы Кара-Буура районунда ички жайыттар кыскарууда

1 Фев , 23:01 1328

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Таластагы Кара-Буура районунун Бейшеке айыл аймагында 111 гектар ички жайыт трансформацияланып кеткен. Бурулча Жумагулова Бакай-Ата районунун тургуну. Жаш күнүнөн эле мал чарбачылыгы менен алектенип келе жатат. Учурда колунда 10го жакын саан уй жана майда жандыктары бар. Малга тоютту кеч күзгө чейин топтоп алат. Себеби, кышкысын мал кол карап калат. Каарманыбыз акыркы кездери азыноолак малга айыл ичиндеги ички жайыттар тарып кеткенин айтат.

Айылдын сыртындагы ички жайыттардын жылдан жылга тарып жатышы облустагы дээрлик бардык эле айылдарга мүнөздүү. Себеби, элдин саны көбөйүп, айыл четинде жаңы конуштар, айдоо аянттары кеңейе баштады.

Бул айыл Кара-Буура районунун Бейшеке айыл аймагына карайт. Аталган айыл аймактын Жайыт комитетинде эсепчи болуп эмгектенем деген Нармурат Акматов айыл аймактын жайытына тиешелүү 111 гектар жер мыйзамсыз трансформацияланып кеткенин айтат. Трансфомациялоонун мыйзамдуу же мыйзамдуу эмес экенин аныктап берүүсүн өтүнүп райондук прокуратурага жана тийиштүү мекемелерге кайрылышкан.

Бейшеке айыл аймагынын башчысы бул жерлерди трансформациялоо атайын мыйзамга таянып, райондук комиссия менен ишке ашканын айтып, жогорудагы дооматты четке какты.

Республикалык жайыт департаментинин Таластагы өкүлүнө кайрылганыбызда, бул доо-арыздар боюнча трансформациялоо иши кандайча ишке ашырылганы, ошол 111 гектар жердин абалы учурда кандай? Атайын иликтөөгө алынганын айтты. Себеби, тийиштүү мыйзамдар боюнча жайыттарга тиешелүү жерлер талданып, ар тараптуу баа берилгенден кийин гана мыйзамдуу чечилет.

Белгилей кетсек, Талас облусу боюнча 6 жүз миң гектардан ашуун жайыт бар. Ага ички , ортоңку жайыттар кирет. Андан тышкары, облустун малы үчүн Суусамыр, Токтогул жайлоолорунан алыскы жайыттар берилген. Жайыттарды пайдалануу 2009-жылы чыккан атайын мыйзамдын негизинде жер-жерлердеги жайыт комитеттер тарабынан көзөмөлдөнөт.


Новости по дате