http://www.ktrk.kg/"Манас" жана Айтматов академиясы түзүлөт

"Манас" жана Айтматов академиясы түзүлөт

1 Фев , 23:24 811

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Манас” жана Айтматов улуттук академиясы улуу эпос менен залкар жазуучунун чыгармаларындагы баалуулуктарды ар тараптан изилдеп, алардын баалуулуктарын жайылтуу менен алектенет. Бул аталган академияны түзүү боюнча президент чыгарган жарлыкта айтылат.

“Манас” эпосун, жалпысынан кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы мурастарды сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө Президент чыгарган жарлыктын негизги максаты болуп саналат. Академияны түзүү идеясы залкар жазуучунун мааракесине арналган иш-чарада айтылган эле.

Академия иш алып бара турган жай да аныкталды. Президенттин иш башкармалыгынын имараттарды тескеген департаментинин кеңсеси эми илимий, маданий иш-чараларды уюштуруунун очогуна айланат. Ал Исхак Раззаков атындагы көчөдө жайгашкан. Жарлыктын жарыяланышы менен окумуштуулар чөйрөсүндө, манасчылар, коомдук ишмерлердин арасында ар түрдүү сунуштар айтылууда. Маселен, манасчы Рысбай Исаков эпостун ачыла элек багыттарын терең изилдеп чыгып, керектүү баалуулуктарын пайдалануу зарыл деген пикирде.

Академия “Манас” менен Айтматовго байланыштуу ар кандай долбоорлорду иштеп чыгып, сынак, илимий-конференцияларды, маданий иш-чараларды уюштурат. Залкар жазуучунун демилгеси менен дүйнөлүк интеллектуалдардын башын бириктирген Ысык-Көл форумун өткөрүү да аталган академияга жүктөлүүдө.

“Манас” жана Айтматов улуттук академиясы түрдүү басылмаларды, аудио-визуалдык эмгектерди даярдайт. Ири иш-чаралардын комплекстүү программаларын иштеп чыгат. Эми анын каржы булактары аныкталып, жетекчилик курамы бекиши керек.



Новости по дате