http://www.ktrk.kg/Бишкекте ШКУнун II аялдар форуму өз ишин баштады

Бишкекте ШКУнун II аялдар форуму өз ишин баштады

15 Май , 21:26 91

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Шанхай кызматташтык уюмунун кулачы кенен жайылууда. Эми уюмга мүчө мамлекеттердин максаттарын аткарууда жеңилин жерден оорун колдон алуу үчүн айымдар да жигердүү аралашууга киришти. Уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтүп, ШКУнун мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги саммитинин алкагында Бишкекте ШКУнун экинчи аялдар форуму өз ишин баштады.


Ага катышууга уюмга мүчө жана байкоочулук кылган мамлекеттердин ар кыл тармактагы демилгелүү айымдары келди. Анда аялдар коомдогу болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүгө жигердүү аралашууга жана жаңы долбоорлорду демилгелөөгө даяр экенин белгиледи. 


Дүйнө эли экономикалык, саясий, экология, террорчулук, коопсуздук өңдүү маселелерге баш катырып турганда кендирди кескен көйгөйлөрдү биргеликте чечүү бул форумдун башкы урааны. Айымдар баардык маселеде сунуш-пикири менен бөлүшүп, колдоо көрсөтүүгө даяр. Кыргызстанда өтүп жаткан форум он төрт мамлекеттин саясат, маданият, эл аралык кызматташтык, социалдык маселелерди чечүү тармактарында эмгектенип мол тажрыйбага ээ болгон айымдардын башын бириктирди.

Алгачкы форум былтыр Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин демилгеси менен Кытайда өтүп, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында аялдар өз ара кызматташтыкты бекемдөөдө уюмду өнүктүрүүгө салым кошуу чечими кабыл алынган. Бул жолку форумдун аянтчасында да аймактагы орчундуу маселелер талкууга түшөөрүн белгилеген Назгүл Ташпаева Президент Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун окуду.


Новости по дате