http://www.ktrk.kg/Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров дүйнөдөн кайтты

Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров дүйнөдөн кайтты

2 Фев , 15:06 1675

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Элибиздин татыктуу уулу, көрүнүктүү советтик-партиялык, коомдук ишмер, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров 97 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты. Корчубек Акназаров 1922-жылы 1-августта Талас областына караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. 

Корчубек Акназаров 1943-жылы Улуу Ата мекендик согушка барып, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. Ал I даражадагы «Ата-Мекендик согуш» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган. 1946-жылы ал майдандан туулган жерине кайтып келип, алыскы Чаткал районундагы жети жылдык мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болгон. Корчубек Акназаров 1947-жылдан тартып, партиялык кызматтарда Чаткал, Ала-Бука, Октябрь жана Базар-Коргон, Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунун партиялык комитеттеринде жалпысынан 30 жылдай жетекчилик кызматтарды үзүрлүү аткарган. Чейрек кылымдан ашык кызмат жолунда анын чыныгы жаратмандыгы, эл менен иштей билген, адамдарды ынтымакка, кайратман эмгекке баштай билген уюштургуч сапаттары өзгөчө таасын көрүнгөн. Анын жетекчилиги менен тоолуу райондордун мал чарбачылыгында жана талаачылыкта зор ийгиликтер жаралган. 

Аймактардын экономикасында, социалдык жана маданий турмушунда кескин өзгөрүүлөр, өсүштөр болгон. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенде да парламентке депутат болгон. Корчубек Акназаровдун ысымы мамлекетибиздин калыптанышына, социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон улуу инсандардын катарында Кыргызстандын тарыхына жазылып калат. Анын өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, адамдык бийик парасаты, талыкпаган эмгекчилдиги жана жупунулугу баарыбызга үлгү, сабак болот. Иш билги жетекчи жана уюштуруучу, эл кызыкчылыгын баарынан жогору койгон мыкты инсан Корчубек Акназаровдун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат.
Жээнбеков Сооронбай Шарипович, Абылгазиев Мухаммедкалый Дуйшекеевич, Жумабеков Дастан Артисбекович жана башкалар.

Маркумду узатуу аземи Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында 2019-жылдын 3-февралында саат 11-00дө өткөрүлөт.

Новости по дате