http://www.ktrk.kg/Бишкек жагымдуу шарттары бар шаарга айланабы?

Бишкек жагымдуу шарттары бар шаарга айланабы?

2 Фев , 16:19 606

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын жашоочулары менен калаа жетекчилери ар апта сайын жолугушууларды өткөрүүдө. Бул аракет шаар мэри Азиз Суракматовдун чечиминин негизинде шаар тургундарынын, айрыкча жаңы конуштардын жашоочуларынын муктаждыктарын, көйгөйлөрүн угуп, аларга жардам берүү максатында ишке ашырылууда. 

Бул ирет Свердлов районунун жашоочулары менен Бишкектин вице-мэри, шаардык кеңештин депутаттары жана район жетекчиси жолугушуп, шаар тургундарынын өтүнүчтөрүн угушту. Тургундарды түйшөлткөн маселердин негизгиси жол, көчөлөрдү жарыктандыруу жана канализация маселеси экендигин билдиришти.

Новости по дате